• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мектептеги өлүм боюнча мугалим, окуучулар сурак берүүдө

17 Чын куран 202512:49 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги №31 мектепте классташынын соккусунан каза болгон 14 жаштагы кыздын окуясы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Ден соолукка оор залал келтирүү” беренеси менен кылмыш иши козголду.

Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов 17-апрелде Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты. Анын сөзүнө караганда, соттук-медициналык, биологиялык экспертизалар дайындалган. Анын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет. Ушул тапта мугалимдер, окуучулар сурак берип жатат.

Окуя 15-апрелде болгон. Маалыматка ылайык, 2011-жылы туулган өспүрүм классташ кызы менен чырлаша кетип, аны уруп жиберген. Анын кесепетинен сокку алган кыз эсине келбей каза болгон.

Количество просмотров: 747