Билим берүү министирлигинин уюштуруу жана тарбиялоо иштери боюнча секторунун башчысы Болот Иманалиев мектептердеги зордук-зомбулук учурларын алдын алуу иштерин дагы да күчөтүү керектигин айтат.
Ал белгилегендей, мектептерде коопсуздукту камсыздоо боюнча иштер буга чейин да жасалып келген. Ар бир окуу жылдын башында тийиштүү министрликтер менен биргеликте алдын алууу иш-чаралары тууралуу пландар бекитилип, ошого жараша иштер жүрөт.