• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мектептерде сабак учурунда телефон колдонууга тыюу салынды

10 Жалган куран 202514:52 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын мектептеринде сабак учурунда мобилдик телефондорду колдонууга тыюу салынды. Мындай буйрук өлкөнүн бардык мектептерине жиберилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева 1-радиого курган маегинде билдирди.

Анын сөзүнө караганда, ар бир класста кол телефондор үчүн атайын кутучалар болот.

Министрлик мектептерде окуучуларга сабак учурунда кол телефон колдонууну тыюу боюнча атайын токтомдун долбоорун иштеп чыккан.

Мобилдик телефонун колдонууга танаписте же чукул кырдаал жаралган учурда гана уруксат берилет.

Количество просмотров: 490