Билим берүү жана илим министрлиги орто окуу жайлардагы каникулдардын датасын жарыялады.
Жумасына беш күн окуган мектептер 21-марттан, 30 мартка чейин 10 күн эс алышат.
Жумасына алты күн окуган мектептер жана 9-класстын окуучулары 21-марттан 25-мартка чейин эс алышат.
III-жана IV-чейректе сабактар көбөйтүлөт. Себеби окуучулар аба-ырайына байланыштуу 26-январдан 3-февралга чейин эс алышкан.
Акыркы коңгуроо 25-майда болот.