• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Мектептердин техникалык абалы текшерилет

18 Бугу 2022 9:07 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терек-Сай айылындагы №18 орто мектептин имаратынын шыбы урап түшкөндүгүнө байланыштуу жыйын өткөрдү.

Министрлер кабинетинин башчысы билим берүү мекемелеринин коопсуз иштешине жооптуу тиешелүү мамлекеттик органдардын ишин сынга алды.

Отурумдун жыйынтыгында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдарга Терек-Сай айылындагы №18 орто мектептин имаратында болгон окуянын себептерин аныктоону, ошондой эле Терек-Сай айылындагы бардык имараттарды, мындан сырткары республиканын бардык мектепке чейинки жана жалпы билим берүүчү мекемелеринин имараттарынын техникалык абалын текшерүүнү тапшырды.

Эске салсак, Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айыл өкмөтүнө караштуу №18 Амирабек Чымканаев атындагы орто мектепте 17-майда сабак учурунда класстын шыбы урап түшкөн. Кырсык болгон учурда кабинетте бир мугалим, 16 окуучу болгон. Алар Ала-Бука райондук ооруканасына жеткирилип, мугалим жана төрт окуучу ооруканага жаткырылды.

Количество просмотров: 81