• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Мектептин короосунда аял кишинин асынып турган денеси табылды

10 Бугу 201915:33 Бишкек Govori.TV

Бишкек.10.05.2019.Govori.TV.

Бүгүн, 10-майда Кара-Балта шаарындагы орто мектептин арткы короосунда аял кишинин асынып турган денеси табылды.

Алдын ала маалыматтарга караганда, «Кыргызстандын 40 жылдыгы» кварталында саат 11:00 чамасында иттерин сейилдетип жүргөн жергиликтүү тургундар карыган аялдын жип менен бакка асынып турган денесин табышкан. Аял кишинин жанынан баштыктар жана чөнтөк телефон табылган. Каза болгон аялдын туруктуу жашаган жери жок экени болжолдонууда.

Количество просмотров: 13