• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Мелис Калыков кокусунан Баткен облусунун прокурорунун башына атып алган

29 Жетинин айы 2018 12:56 Бишкек Govori.TV
Бишкек.29.11.2018.Govori.TV.
Баткен облусунун ККБ начальниги Мелис Калыков облустун прокурору Анарбай Мамажакыповду кокусунан атып алган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын ыкчам-иликтөө ишине көзөмөл бөлүмүнүн начальнигиЗамир Бейшекеев маалымат жыйынында билдирди.
— Мамажакыповду өлтүрүүгө шектүү жактоочунун катышуусунда көрсөтмө берди, — деп баса белгиледи ал. — Андан сырткары, баары видеого тартылып турду. Мелис Калыков жолдо баратканда алардын ортосунда жаңжал чыгып, мушташууга чейин жеткен. Ал мергенчилик мынтыгын алып чыгын кокусунан Мамажакыповдун башына атып алган. Андан соң, коркуп, тамеки чегип атып курткасын күйгүзүп алган. Курткасын өлүп жаткан адам жакка ыргытып, өрттөп жиберген.
Андан сырткары, Бейшекеев кармалгандын денесиндеги шишик жана көктөр аны суракка алаарда эле бар болгондугун кошумчалады.
— Суракка алып жатканда анын көгарган жана шишиген жерлери бар болчу, — деп деп белгиледи Башпрокуратуранын өкүлү. — Ал муну Мамажакыпов менен болгон мушташта болду деп түшүндүрдү.

Количество просмотров: 24