• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мелис Турганбаев Күрөш федерациясынын президенти болду

4 Бештин айы 202110:46 Бишкек Govori.TV

Мелис Турганбаев Күрөш федерациясынын президенти болду. Бул тууралуу уюмдун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 3-декабрда Күрөш федерациянын кезексиз шайлоо конференциясы өткөн. Уюмдун мүчөлөрү бир добуштан президенттик кызматка көрсөтүлгөн Мелис Турганбаевдин талапкерлигин колдоп беришкен.

Ал 2024-жылдын аягына чейин Күрөш федерациясын жетектей тургандыгы айтылат.

Мелис Турганбаев 1962-жылы 19-февралда Фрунзе (Бишкек) шаарында төрөлгөн. 1983-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин «экономист» адистиги боюнча аяктаган. 1986-жылы СССР ИИМдин Ленинграддагы Жогорку курсун бүтүргөн.

Эмгек жолу: 

  • 1986 — Кыргыз ССР ИИМдин кылмыш иликтөө башкармалыгынын ыкчам кызматкери;
  • 1987 — Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүндө ыкчам кызматкер;
  • 1993 — Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жетекчиси;
  • 1996 — Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин жетекчисинин орун басары;
  • 1998 — КР ИИМдин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын жетекчисинин орун басары.
  • 2000-жылдан тарта КР ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары жана оор кылмыш иштери менен күрөшүү башкармалыгынын жетекчиси;
  • 2001 — Бишкек шаардык Биринчи Май РИИБдин жетекчиси. Ушул эле жылы Бишкек ШИИБдин жетекчисинин орун басары;
  • 2005 — ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жетекчиси;
  • 2006 — ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын жетекчиси;
  • 2008 — Ички иштер министринин биринчи орун басары;
  • 2008 — Маңзаттарды көзөмөлдөө агенттигинин директору;
  • 2010 — КР Ички иштер министринин биринчи орун басары;
  • 2014 — КР ички иштер министри болуп дайындалган;
  • 2016-жылдын 30-майында өз каалоосу менен министрлик кызматтан кеткен;
  • 2019-жылдын 8-февралында Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалган.
Количество просмотров: 531