• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Мелис Турганбаев: Медалды ырым катары тагындык

5 Баш оона 2021 12:51 Бишкек Govori.TV

Мурдагы ички иштер министри, Азиянын Күрөш Федерациясынын Кеӊешинин аткаруу комитетинин мүчөсү Мелис Турганбаев Айсулуу Тыныбекованын күмүш медалын тагынып түшкөн сүрөтү боюнча Chagylgan.kg сайтына комментарий берип, төмөндөгүлөрдү билдирген.

«Мен буга катуу эле айтайынчы. Ал сүрөттү сындагандарды көрө албастык кылып, ичине таруу айланбай жаткандардын жеткен билимсиздиги жана акмакчылыгы деп баалайт элем. Мен кыргыз спортуна, анын ичинен күрөшкө асмандан түшүп калган адам эмесмин. 1998-жылдан бери күрөштүн ысык-суугуна күйүп, тоңуп жүрөм. Андан бери 23 жыл өттү. Ушул мезгилдин ичинде кыргыз спортунун алдыга жылышына аз да болсо өз салымызды коштук. Көптөгөн балбандарды таптадык, дем күч-кубат бердик. Моралдык жана материалдык жактан да колдоого алдык. Өзүм да спортко кошкон салымым болсун, Кыргызстандын аты жакшы жагынан чыгып турсун деп Ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатына 3 жолу катышып, биринчисинде коло, андан кийин алтын утуп, чемпион болдум. Токиодогу Олипиадага катышып жаткан балбандардын дээрлик баарына колдоо көрсөтүп, ушул деңгээлге чыгышына көмөк кылып келдик. Айсулуунун медалын тагынып түшсө эмне болот экен? Ал өзүмдүн карындашым да. Ошол жерге баргандын көбү тагынып, кармап түшүп жатышат. Кыргызда жакшы нерсени илгертен ырым кылып келет. Биз да ырым катары тагындык. Мунун эч кандай жаманчылыгы жок. Ушуну түшүнбөгөндөр түшүнүп алышсын»,-деп билдирген Турганбаев.

Буга чейин социалдык тармактын колдонуучулары мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаевдин балбан Айсулуу Тыныбекованын медалы менен түшкөн сүрөтү талкууга алынган болчу.

Количество просмотров: 989