• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Токио-2020: Келдибеков, Турганбаев жана экс-депутат Асылбек уулу да президенттин колунан сыйлык алышты

23 Баш оона 2021 12:53 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Ахматбек Келдибеков менен мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаевге Кыргыз Республикасынын Ардак грамоталары тапшырылды. Ал эми Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулуна ыраазычылык кат тапшырылды.

Аларга сыйлыктар бүгүн, 23-августта Токиодогу Олимпиада оюндарынын жеңүүчүлөрүн жана катышуучуларын сыйлоо аземинде тапшырылды.

Алар биздин спортчулардын Олимпиадага жакшы даярдыгы үчүн сыйланышкан.

Белгилей кетсек, Келдибеков Оор атлетика боюнча федерациянын президенти, Турганбаев Азия күрөш федерациясынын аткаруу комитетинин мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Күрөш федерациясынын вице-президенти болсо, Асылбек уулу Күрөш федерациясынын биринчи вице-президенти.

Количество просмотров: 269