• Шаршемби 3 Кулжа 2026
  • Среда 3 Июнь 2026

Мен уул болуп берейин. Дастан Садыр уулун сүзгөн айдоочу кайрылуусу менен ыйлатты (видео)

3 Аяк оона 2019 18:56 Бишкек Govori.TV

Мурунку депутат Садыр Жапаровдун уулун сүзгөн айдоочу жалпы Жапаровдон жана анын үй-бүлөсүнөн кечирим сурады. Аталган видео кайрылууну Талант Сагынбаев аттуу блогер өзүнүн ютуб каналына жарыялады.

«Дастандын үй-бүлөсүнөн кечирим сурайм. Терең кайгыруу менен көнүл айтам. Жол кырсыгынан кийин төрт күн бою Дастандын үй-бүлөсү менен чогуу жүрдүм. Ушунчалык кайрымдуу, мээримдүү, кечиримдүү үй-бүлө экен. Мен ишенем Дастан дагы ушундай адам болгонуна. Жакында өзүм дагы ата болгом. Ата-эненин жүрөгүндөгү күйгөн өрттү сезип, жүрөгүм жарылганы турат. Садыр Нургожоевич, балаңыздын ордуна мен бала болуп бергенге даярмын. Келинчегим келин болсун, кызым небереси болуп берсин. Чоң баа жеткис карызым бар. Өмүрүмдүн аягына чейин чогуу болом. Бүткүл кыргыз элимден, жүргүнчү кыздын үй-бүлөсүнөн да кечирим сурайм. Кырсык болуп калды»,-деген айдоочу.

https://www.facebook.com/govoriTV/videos/2317632818349684/?v=2317632818349684
Количество просмотров: 155