• Дүйшөмбү 20 Бугу 2024
  • Понедельник 20 Май 2024

«Менин үнүмдү баса албайсыз». Туунун талкуулап жаткан депутаттар айтыша кетишти

19 Бештин айы 2023 11:19 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 19-декабрда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин жыйынында Мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам долбоору экинчи окууда каралып жатат.

Жыйын учурунда сөз алып, Туунун чечмеленүүсүн түшүндүрүп берип жаткан депутат Мирлан Самыйкожо менен долбоордун демилгечилеринин бири депутат Улан Примовдун ортосунда кайым-айтыш жаралды.

Депутат Самыйкожонун берген суроосуна жооп берип жаткан депутат Примов кесиптешин үнүнүн тонун өзгөртүүнү айтып, тергөө органында олтурбаганын билдирди.

Эске салсак, Жогорку Кеңеш 29-ноябрдагы жыйынында туунун элементтерин өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун биринчи окууда көпчүлүк добуш менен чукул кабыл алган.

Желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун спикер Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов жазып, сентябрь айында коомдук талкууга коюшкан. Анда документтин максаты “өлкөнүн мамлекеттик башкы символдорунун бири болгон тууну жакшыртуу” экени белгиленген.

Жаңы сунушталган вариантта кызыл түстөгү туунун ортосундагы күндүн нуру толкун сымал эмес, түз берилген жана нурлар өзүнчө бөлүнгөн. Түндүктүн элесиндеги үч чамгарак төртөө болуп өзгөргөн.

Бул демилге коомчулукта катуу талаш жаратып, талкууга алынган.

Ал эми Президент Садыр Жапаров 16-декабрда экинчи Элдик курултайда тууга өзгөртүү киргизүү демилгеси ага таандык экенин билдирген. Мамлекет башчы залда отургандардан бул сунушту колдоп берүүнү суранып, делегаттардын айрымдары кол чапкан.

Количество просмотров: 284