Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров менен Улуттук статистикалык комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов жолукту. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда Бишкек шаарында боло турган калкты жана турак жай фондун каттоого даярдыктар талкууланды.
Калаа мэри Абдыкадыров ири иш-чарага даярдык көрүүгө муниципалитет жана райондук администрациялар жардам берип жатканын билдирди.
Эске салсак, 25-марттан 3-апрелге чейин республика аймагында калкты жана турак жай фондун каттоо жүрөт.