• Шейшемби 30 Жетинин айы 2021

Мэр Айбек Жунушалиев Өзбекстандын элчиси менен жолукту

29 сентября 2021 в 18:00 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Хуршид Мирзахидов менен жолукту. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жолугушууда тараптар турак-жай коммуналдык чарба жана адистештирилген техникаларды жеткирүү жаатында кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

«Бишкек шаарынын мэриясы менен Ташкент хокимиятынын ортосундагы байланыштарды жандандыруу жана тереңдетүү талкууланды»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 93