• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Мэр “Ак-Кула” ат майданынын жерине парк куруу сунушуна пикирин айтты

5 Чын куран 202417:14 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев “Ак-Кула” ат майданынын жерине парк салуу сунушу боюнча жооп берди. Мындай сунуш соцтармактарда айтылып жаткан.

“Өзүңөр ойлонбойсуңарбы, 47 гектарга кантип сейил бак болот? Бишкек шаарынын тургундарында, кыргызстандыктарда көп кабаттуу үйлөргө муктаждык бар. Ал муктаждыкты чечишибиз керек. Илгеркидей бирөөгө жашыруун берип салбай, аукционго койдук. Ар бир гектарга көз карандысыз эксперттин чечимин чыгарып бериптир. 1 гектары 2 млн доллардын тегереги болот. Ал жерге көп кабаттуу үйлөр түшкөнү менен, мектеп, бала бакча сыяктуу социалдык мекемелердин орду бар. 47 гектар жерге сейил бак болбойт”, — деди Жунушалиев.

Бишкек мэриясы “Ак-Кула” ат майданынын 45,73 гектар жерин 8 млрд 731 млн 917 миң сомго аукционго койгон.

Количество просмотров: 121