• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Мэр: Ататүрк сейил багындагы 198 объект боюнча чечимдерди жокко чыгарабыз

16 Чын куран 2024 12:25 Бишкек Govori.TV

Ататүрк сейил багындагы 198 объект боюнча чечимдерди жокко чыгарабыз. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев билдирди.

Анын айтымында, Бишкек мэриясы Ататүрк паркынын чек арасын мурдагы абалына кайтарууну көздөп жатат.

«Сөз 198 объект боюнча боюнча болуп жатат. Бул сандар дагы өзгөрүшү мүмкүн. Биздеги маалымат боюнча алгач 150, кийин 178 болгон. Акыркы тактаганыбыз 198. Чечим кабыл алынып, тиешелүү органдарга тапшырмалар берилди»,-деди Жунушадиев.

Белгилей кетсек, Ататүрк паркында мурда курулушка бөлүнгөн 43 гектар жер кайтарылат. Тийиштүү токтомго кол коюлган.

Анда тийиштүү мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерге төмөнкүлөр тапшырылган:

Бекитилген чектерде парктын участокторун кайтарып алуу боюнча чараларды көрүү;

Сейил бактын аймагында мыйзамсыз тургузулган кыймылсыз мүлк объектилерин бузуу;

Сейил бакка келтирилген зыянды күнөөлүү адамдардын эсебинен калыбына келтирүү;

Укуктук баа берүү жана сейил бактын чектеринде жер тилкелерин бөлүп берүү жөнүндө чечим кабыл алгандарды жоопкерчиликке тартуу үчүн материалдарды прокуратура органдарына белгиленген тартипте жөнөтүү;

Ошондой эле «Бишкек башкы архитектура» муниципалдык ишканасына сейил бактын шаар куруу документтерин, тарыхый-маданий мурас объектисинин паспортун даярдоо үчүн сейил бактын аймагынын чек араларынын сүрөттөлүшүн даярдоо милдети коюлду. Мындан тышкары, Октябрь райондук администрациясына жана тийиштүү коммуналдык кызматтарга эс алуу жайларын уюштуруу үчүн аймакты көрктөндүрүү боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүү тапшырылды.

Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине жер тилкелерин кайтарып берүү жол-жоболору аяктагандан кийин сейил бактын аймагы Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментине сейил бакты күтүү жана көрктөндүрүү үчүн мөөнөтсүз пайдаланууга берилери айтылды.

Количество просмотров: 69