Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардык кеңешинин сессиясында троллейбустардын абалы боюнча түшүндүрмө берди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө Бишкек мамлекет башчысынын колдоосу аркылуу 1000 автобус менен камсыз болду.
“Шаар ичинен 1,5 миңден ашык кичи автобус чыгарылып, ал эми троллейбустар аймактарга берилүүдө. Автобустар бизге жаңы маршруттарды түзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Биз троллейбустарды сатпайбыз, аймактарга берип жатабыз. Бул мамлекеттин саясаты, өлкө жетекчилигинин саясаты, бул Бишкек мэриясынын саясаты. Баары бирдей өнүгүшүн каалайбыз. Бишкектин аймагы үч эсеге көбөйдү. Жаңы аймактарга жетүү үчүн биз мындан да көп мобилдүү автобустарды жана электр автобустарын сатып алышыбыз керек”, — деди мэр.
Буга чейин Бишкек мэри борбордон троллейбус каттамдары толугу менен алына турганын билдирген.