Бишкекте автобустун катышуусунда жол кырсыгы катталды. №153 автобус алдынан арыктан өтүп, мамыны сүзгөн.
Борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, жол кырсыгы бүгүн, 27-августта Токомбаев жана Жетикашкаева көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
Кырсыкка кабылган №153 автобустун айдоочусу тергөө аяктаганга чейин жумушунан четтетилди. Андан соң мэр Айбек Жунушалиев кырсыкка себеп болгон бардык жагдайларды жана шарттарды дыкат иликтөө үчүн комиссия түзүүнү тапшырган.
«Мэрдин тапшырмасы менен түзүлгөн комиссия кырсыктын келип чыгуу себептерин комплекстүү изилдөө жана окуяга алып келе турган факторлорду аныктоо менен алектенет”, — деп айтылат маалыматта.
Мэрия кошумчалагандай, айдоочуларга жол эрежесин сактоо жана муниципалдык менчикке кам көрүү канчалык маанилүү экендиги дагы бир жолу түшүндүрүлдү.