Бишкекти аралап өткөн темир жолду шаар четине көчүрүүгө түндүк айланма жолу тараптан жер даярдалып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда мэр Айбек Жунушалиев парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Кытайдын China Road компаниясы долбоор үчүн 550 млн доллар салууга даяр. Компания темир жолдун бошогон жерин алууну сураган.