• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Мэр Орунтаев менен Байгончоковго сөгүш берди

19 Тогуздун айы 20239:05 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров эки орун басарга жана башкармалыктын жетекчисине сөгүш жарыялады. Бул тууралуу мэрияда шаардын бюджетинин планынын аткарылышы боюнча өткөн жыйында белгилүү болду.

Жыйында 3-кварталда салыктык эмес кирешелер боюнча план 34%га аткарылбаганы айтылды.

Буга байланыштуу мэрдин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоковго, вице-мэр Нурдан Орунтаевге жана муниципалдык менчикти башкаруу башкармалыгынын башчысы Талант Рыскулбек уулуна сөгүш жарыяланды.

Количество просмотров: 524