Таштандыга тарифти көтөрүүнү саясатташтыруунун кереги жок.Бул тууралуу борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров шаардык кеңештин жыйынында билдирди.
«Бир куту тамеки 100 сом турса, биз таштандыны айына 18,5 сомго чыгарып жатабыз. Телефон байланышы үчүн эсепке 400 сом салабыз. Саясатташтыруунун кереги жок. Тарифти дароо көтөрбөйбүз, бирок көйгөй өтө актуалдуу бойдон калууда», — деди Абдыкадыров.