• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Мэр тиешелүү кызматтарга көйгөйлүү тилкелердеги тыгындарды жоюуну тапшырды

12 Баш оона 2022 13:03 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров шаардык кызматтар менен биргеликте унаа тыгыны көп болгон жолдордун көйгөйлүү жерлерин текшерип чыкты.

Муниципалитеттен билдиришкендей, шаар башчысы «Мадина» базарынын унаа токтотуучу жайын, ошондой эле Абдрахманов көчөсү менен Түштүк магистралдын кесилишин изилдеп чыкты.

Көрсөтүлгөн көйгөйлөрдү чечүү максатында ал Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментине, «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесине, милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгына, «Бишкасфальтсервис»муниципалдык ишканасына тийиштүү тапшырмаларды берди.

Количество просмотров: 126