• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мэр: Жыл башынан бери шаардык бюджетке 4 млрд сом түштү

5 Теке 202211:43 Бишкек Govori.TV

Жыл башынан бери шаардык бюджетке 4 млрд сом түштү. Бул тууралуу борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров маалымат жыйында билдирди.

«Жергиликтүү бюджетке 2022-жылдын январынан апрелге чейин 3 миллиард 910 миллион 6 миң сом түштү»,-деди ал.

Кошумчалай кетсек, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров бүгүн маалымат жыйын куруп, кызматка келген 100 күн ичинде жасаган иштери тууралуу баяндама жасап жатат.

Абдыкадыров үстүбүздөгү жылдын 24-февралында президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Бишкек шаарынын мэри болуп дайындалган.

Количество просмотров: 121