• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мэрия 6 метрлик автобустарды сатып алууну пландоодо

5 Бирдин айы 20259:12 Бишкек Govori.TV

Быйыл узундугу 6 метрге жеткен жаңы автобустарды сатып алуу пландалууда. Бул тууралуу Бишкек мэринин орун басары Жамалбек Ырсалиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 10-12 метрлик автобустар шаардын айрым көчөлөрүнө ылайык келбегендиктен, бурулуштарда кыйынчылык жаралат. Муну эске алуу менен ушул жылы кыска 6 метрлик автобустар сатылып алуу пландалууда.

«Түркиядан алынып келген 12 метрлик автобустар ири каттамдарга, мисалы, Сокулук, Кант багыттарына киргизилет», — деп белгиледи Жамалбек Ырсалиев.

Количество просмотров: 217