• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Мэрия №76 мектепти оңдоп-түзөөгө тендер жарыялады

16 Бирдин айы 202214:38 Бишкек Govori.TV

Бишкек шардык мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы жалпы аянты 2300 м2 болгон №76 орто мектепти оңдоп-түзөөгө тендер жарыялайт. Бул тууралуу «zakupki.gov.kg» порталына жарыяланды.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, үч кабаттуу имаратты капиталдык оңдоп-түзөө, ошондой эле мектептин айланасын жакшыртуу каралган.

Мектепти оңдоп-түзөө иштери республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.

Количество просмотров: 112