• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Көчмөндөр оюндарына спортчулар менен аттарды жеткирүүгө тендер жарыяланды

21 Баш оона 202410:34 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катыша турган спортчулар менен аттарды Астанага жеткирүүгө тендер жарыялады.

Тендерге ылайык, мекеме бул үчүн 11,3 миллион сомдон ашык каражат сарптоону пландоодо.

Тендердин алкагында көк бөрү, эр эңиш, ат чабыш жана башка улуттук спорттун түрлөрү боюнча мелдештерге аттар ташылат. Ошондой эле Кыргызстандан барган команда малга керектүү тоюттарды, чөптү өздөрү менен кошо ала кетмекчи.

Белгилей кетсек, тендерде жеткирип, кайра алып келүү каралган.

Бул жолу Казакстанда өтө турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Кыргызстандын атынан 268 спортчу катышат, алар спорттун 29 түрү боюнча мелдештерге чыгат.

Количество просмотров: 102