Бишкек.13.03.2019.Govori.TV.
Бишкек шаарынын мэриясы 8-мартта борбор калаада өткөн жүрүшкө байланыштуу сотко кайрылышы мүмкүн. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште мэриянын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев билдирди.
«Уруксат берүү же бербөө биздин укугубузда жок. Экинчиден, ооба, биз шаардагы окуялар үчүн жооптуубуз. 8-марттагы окуяларда мэрия, өз алдынча башкаруу жана коопсуздук органдары баардыгы өз ишин туура кылды деп эсептеп, мэр кечээ өзүнүн пикирин айтты. Азыркы окуялардан кийин биз Баш мыйзамды жана башка мыйзамдарды текшерип, изилдеп жатабыз. Сотко кайрылышыбыз мүмкүн,-
8-мартта Бишкекте аялдардын тилектештик билдирген жүрүшү өткөн. Акцияда кыз-келиндердин укуктарын жактаган феминисттик көз караштардан тышкары жыныстык азчылыкты колдогон плакаттар да болгон.