• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мэрия: Айрым сулуулук салондору санитардык нормаларды сактабай жатканы аныкталды

4 Бугу 202010:31 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Биринчи Май районуна караштуу текшерилген 15 сулуулук салондун басымдуу бөлүгү санитардык нормаларды, коопсуздук чараларын сактабай жатканы аныкталды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-майда борбордогу салондордун ишмердүүлүгүн жандантканына байланыштуу Биринчи Май районунун башчысы Алибек Биримкуловдун тапшырмасы менен акимиаттын кызматкерлери РИИБ жана санитардык-эпидемиология көзөмөл борборунун кызматкерлери менен биргеликте текшерүүгө чыгышкан.

«Сулуулук салондоруна коюлган негизги талап — санитайзерлердин болушу, тазалыкты сактоо, кардарларды кабыл алууда коопсуздук чараларын аткаруу болду. Санитардык-гигиеналык талаптарга жооп бербеген салондордун ээлери менен кемчиликтерди жоюу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү», — деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 222