• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Мэрия: Ататүрк паркында мурда курулушка бөлүнгөн 43 гектар жер кайтарылышы керек

15 Чын куран 2024 15:49 Бишкек Govori.TV

Ататүрк паркында мурда курулушка бөлүнгөн 43 гектар жер кайтарылышы керек. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Бишкек шаардык мамлекеттик администрациясынын 1992-жылдын 25-июнундагы № 225 «СССРдин 50 жылдыгы «сейил багынын аймактарын сейил бактардын жана эс алуу зоналарынын шаардык бирикмесине утурумдук күтүү жана көрктөндүрүү үчүн пайдаланууга бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген. Аянты 107,0 га Мустафа Кемал Ататүрк атындагы сейил бактын чек араларын бекитүү боюнча токтомго кол койгон.

«Социалдык тармактарда Мустафа Кемал Ататүрк сейил багынын аймагындагы объектилер сүрдүрүлбөйт деген маалымат тарап жатат. Бирок, парктын аймагында мыйзамсыз курулган кыймылсыз мүлк объектилерин тазалоо маселесинде муниципалитет Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын чегинде гана иш алып барарын белгилейбиз»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 74