• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Мэрия: Бишкекте чуңкурларды оңдоо иштери уланууда

3 Чын куран 2024 12:51 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан Жибек-Жолу проспекти боюнча Осмонкул көчөсүнөн батыштан чыгышты карай Лермонтов көчөсүнө чейинки жолдун түштүк тарабындагы кемчиликтерди жоюу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Осмонкул көчөсүн Чүй проспектисинен Жибек-Жолу преспектисине чейин 2024-жылга карата жолдорду капиталдык оңдоонун титулдук тизмесине киргизүү пландалууда. Мындан тышкары, адистер “Бишкек Парк” соода борборунун маңдайындагы, Кулатов – Ж.Пудовкин, Л.Толстой – Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинде, Ч.Валиханов көчөсү 1а/1 дарегинде, Ахунбаев-Токтоналиев, Орозбеков – ЧЧК, Байтик Баатыр — А.Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги кемчиликтерди жоюп жатышат.

Манас проспектиси менен Токтогул көчөсүнүн кесилишинде ишкананын кызматкерлери жолдун деңгээлине темир торду көтөрүп, чуңкурду асфальт-бетон аралашмасы менен толтурду. Ошондой эле, Сүйөркулов жана Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде Орто-Сай базарынын жанындагы жолдун негизин темир-бетон менен бекемдеп оңдоо иштерин жүргүзүү пландалууда.

Количество просмотров: 48