• Дүйшөмбү 29 Бугу 2023
  • Понедельник 29 Май 2023

Мэрия буздурган «Батуми» кафесине Ташиев барды

25 мая 2023 в 18:12 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 25-майда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Бишкек шаарында жайгашкан “Батуми” тамактануучу жайынын мыйзамсыз бузулушу тууралуу, өз жеринен барып таанышып келди. Бул тууралуу атайы кызматтын басма сөз кызматы кабарлады.

“Батуми” кафесинин ээси Кадича Бечелова, УКМК төрагасына аларга расмий эскертүү берилбегенин, буздуруу боюнча сот чечими жоктугун айтты.

«УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев тийиштүү мекемелердин кызматкерлерине аталган иштин чоо-жайын толук аныктап, мыйзам чегинде кайрадан карап чыгууну, эгерде бузуу мыйзамсыз болсо күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну тапшырды»,-деп жазылат маалыматта.

Мындан тышкары Камчыбек Ташиев кандай гана жагдай болбосун, өзгөчө жөнөкөй жарандар мыйзамсыз түрдө жабыркап калбашы керектигин эскертти.

Теги:
Количество просмотров: 266