• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Мэрия: Өлкөдө азык-түлүк дүкөндөрү жана дарыканалар иштей берет

21 Жалган куран 2020 20:43 Бишкек Govori.TV

Шаардыктардын коопсуздугу учүн соода борборлордун (азык-түлүк саткандардан башка), дүкөндөрдүн, кийим-кече базарлардын, оюн-зоок мекемелердин, ар кандай клубдардын жана башка көп адам барган жерлердин толугу менен иши токотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мэриянын маалыматына ылайык, калаада азык-түлүк дүкөндөрү, базарлар жана дарыканалар үзгүлтүксүз ишин улантат. Ошондой эле кафе жана ресторандар тамак-ашты буйрутма менен жеткирүү түрүндө иш алып барат.

«Урматтуу жүргүнчүлөр! Сиздердин коопсуздугуңуздарды эске алуу менен борбордун коомдук транспорту кыскартылат,  белгиленгентей коомдук транспорт вирустун таралышынын кооптуу аймагы. Жүргүнчүлөрдү санитардык коопсуздук чараларын сактоо режиминде троллейбустар гана  тейлейт.  Жеке менчик маршруткалардын иши толугу менен токтотулат»,-деп айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, коронавируска байланыштуу 2020-жылдын 22-мартынан баштап, өлкөдө 1 айлык мөөнөткө өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Количество просмотров: 180