Шаарды көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча муниципалдык инспекция борбор калааны көрктөндүрүү эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөөнү улантууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, Маданият, спорт, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине карата Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 114-беренесине ылайык протокол түзүлдү. Ошондой эле, ушул эле берене боюнча жазалар «Эмгек резерви» Республикалык маданият жана спорт борборуна да тиешелүү. Эки уюмга тең 13 миң сомдон айып пул салынат.
Материалдар административдик комиссиянын кароосуна жиберилди.