Бишкек шаарынын мэриясы таштандыны чыгарууга байланыштуу жаңы талап киргизди. Ага ылайык, өзүнүн токтомуна өзгөртүү киргизип, акыр-чикирди мындан ары кечки саат 6дан түнкү 12ге чейин гана чыгарылышы керектигин, болбосо айып пул салынарын эскертти.
«Күл, дарактын бутактары, куураган чөп өңдүү таштандыларды контейнерлерге жана ага жакын жерге ыргытууга жана сактоого дагы тыюу салынат»,-деп жазылган маалыматта.
Бул эрежени бузган жарандарга 5,5 миң сом, ал эми юридикалык жактарга 7,5 миң сом айып пул салынышы мүмкүн.