• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Мэрия унааларды дарактардын түбүнө калтырбоону эскертет

23 Жалган куран 2022 17:52 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы бюилдирүү таратып, жарандардан унааларды дарактардын түбүнө калтырбоону эскертет.

Маалыматта айтылгандай, борбор калаада нымдуу кар бак-дарак бутактарынын салмагына таасирин тийгизүүдө. Ушундан улам Бишкек шаарынын мэриясы айдоочуларды жол кырсыктарын жана жеке мүлкүнө зыян келтирбөө үчүн унааларын бактардын жана жеңил объекттердин жанына токтотпоону өтүнөт.

Бак-дарактардын жана бутактардын кулаганына күбө болгондор, «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын 32-62-33, 0504 21 06 00 номурларына жана борбор калаанын мэриясынын Call-борборуна: 1840 жана 1850 кабарлаңыздар. Ошондой эле фото жана видео фактыларды 0554 -182-185 номуру боюнча маалымат бере алат.

Количество просмотров: 225