• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Мэрия жаңы «Ак-Кула» ипподромун долбоорлоого тендер жарыялайт

8 Аяк оона 2020 9:33 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын мэриясы жаңы «Ак-Кула» ипподромун долбоорлоого тендер жарыялайт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын расмий сайтында жазылды.

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун техникалык кортундусуна ылайык, 2019-жылдын 29-ноябрындагы ипподромдун аймагын текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча, ипподромдун имараты талап кылынган нормаларга жооп бербейт жана жер титирөөгө туруктуу эмес, ошондой эле авариялык абалда болгондуктан, иштөөсүнө жол берилбейт.

Ипподромдун авариялык техникалык абалын эске алсак, отура турган орундуктарды көбөйтүү менен имаратты реконструкциялоо мүмкүн эмес. Тилекке каршы, комплекс көп көрүүчүлөрдү батыра албайт», — деп айтылат малыматта.

Ушул жылдын сентябрь айынын башында институттун корутундусунун жана КРнын Өкмөтүнүн ведомстволор аралык комиссиянын корутундусунун негизинде Ак-Кула ипподромунун имаратын республикалык маанидеги архитектуралык эстелик статусун жоготту деп таануу, түрттүрүү жана жаңы ипподром комплексин куруу жөнүндө No466 токтому кабыл алган.

Шаар тургундарынын, конокторунун жана спортчулардын коопсуздугу үчүн шаардык мэрия ипподромду талаптагыдай абалга келтирүүсү керек. Анткени, “Ак-Кула” ипподрому – Бишкек шаарынын аймагында ат спорт оюндарын өткөрө турган жалгыз жер.

Урматтуу конкурстун катышуучулары! Техникалык тапшырма бул сайтка жайгаштырылат: http://zakupki.gov.kg/

Количество просмотров: 149