• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Мэрия жаңы жылдык кечелерден баш тартты

7 Бештин айы 2021 13:50 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын мэриясы өзүнө караштуу түзүмдөрү менен бирге бул жылы жаңы жылдык корпоративдерден кайрымдуулук пайдасына баш тартууну чечти.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, оор эпидемиологиялык жана экономикалык кырдаалда Бишкек шаарынын калкынын арасында COVID-19 вирусунун жайылышынын дагы эле актуалдуу көйгөйүнө көңүл буруу, ошондой эле калктын социалдык аярлуу катмарына мүмкүн болушунча жардам жана колдоо көрсөтүү боюнча чечим кабыл алынды.

«Шаар мэриясынын, муниципалдык коммуналдык кызматтардын кызматкерлери жаңы жыл алдында жамааттык иш-чараларды өткөрүүнүн ордуна, борбордо иштеп жаткан ар кандай социалдык мекемелерге тиричилик буюмдарын жана тиричилик техникасын сатып алууну пландаштырууда», — деп айтылат билдирүүдө.

Шаар мэриясы Бишкектин мекеме-ишканаларынын жамааттарын бул демилгеге кошулууга жана келе жаткан жаңы жылдык майрамдардын алдында муктаж болгон мекендештерге ушундай эле жол менен жардам берүүгө чакырат.

Акцияга колдоо көрсөтүүнү каалагандар үчүн борбор калаанын мэриясы борбордогу социалдык мекемелердин, алардын муктаждыктарынын тизмесин бере алат.

Количество просмотров: 304