• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Мэрия жарандарды шаарды жашылдандырууга салым кошууга чакырат

14 Жалган куран 2022 18:43 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында жашылдандыруу акциясы башталды. Бул тууралуу муницпалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, акциянын демилгечилери «Эко Деми» коомдук фонду жана «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасы.

«Эми каалоочулар борборубуздун сейил бак аймактарына өз көчөттөрүн отургузуп, агрономдордон пайдалуу билим алып, жагымдуу, эң негизгиси пайдалуу убакыт өткөрө алышат.

Акциянын бир гана шарты – көчөт сатып алуу керек, керектүү жабдуулар менен биз камсыз кылабыз. Айтмакчы, дарактын түрүнө жараша отургузуучу жер айырмаланат», — деп айтылат билдирүүдө.

Бишкек мэриясы жарандарды иш-чарага катышууга жана шаарды жашылдандырууга салым кошууга чакырат.

Количество просмотров: 128