Бишкек шаарынын мэриясы учурдагы аба ырайына байланыштуу шаардыктарды коомдук муниципалдык транспортко которууну сунуштайт. Бул тууралуу мэрия бүгүн маалымдады.
Маалыматта айтылгандай, бул сунуш транспорт кырсыгынын жана мүмкүн болуучу жол-транспорт кырсыктарынын алдын алуу максатында демилгеленген.
«Ошону менен бирге борбордук коомдук транспорт шаардыктарды штаттык режимде таңкы саат 5:00 дөн түнкү 23:30 га чейин тейлейт. Саат 9:00гө карата линияда «Бишкек троллейбус башкармалыгы» МИнин 114 троллейбусу, «Бишкек автотранспорт ишканасы» МИнин 396 автобусу, «Жүргүнчүлөрдү ташуу башкармалыгы» МИнин 276 автобусу, «Эко жүргүнчүлөрдү ташуу» ЖЧК тарабынан 110 жеке автобус жана «Аламүдүн Авто Транс»МИнин 5 автобусу кызматта. Мындан тышкары, шаар боюнча 634 микроавтобус иштейт. Зарыл болгон учурда линияга дагы кошумча автобустар жана троллейбустар чыгарылат», — деп жазат мэрия.
Ошондой эле, шаар башкармалыгы аба ырайынын шарттарына карабастан коомдук транспорттун иштөө графиги ошол бойдон кала берерин эскертет.