Бүгүн, 25-мартта Бишкек мэриясынын алдында мыйзамсыз курулуштарга каршы нааразычылык акциясы өттү. Чогулгандар шаар башкармалыгынан үйлөрдүн короосуна салынып жаткан жаңы курулуштарды токтотууну талап кылышты.
Алар “Турак жай короосунан колуңарды тарткыла”, “Биздин жерлерибизди кайтарып бергиле”, “Курулушту токтотуп, көрктөндүрүү баштайлы” деген жазууларды кармап турушту.
Пикеттин катышуучулары менен вице-мэр Сагындык уулу Азамат жолугуп, алардын талабы боюнча ыкчам топ түзүлөрүн айтты.