• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Меркелдин ордуна Аннегрет Крамп-Карренбауэр шайланды

8 Бештин айы 2018 9:32 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 08.12.2018. Govori.TV
Гамбургда 7-декабрда өткөн «Христиан-демократиялык биримдигинин» курултайында партиянын башчылыгына Аннегрет Крамп-Карренбауэр шайланды. Ал үчүн съезддин 999 делегатынын 517си, ал эми атаандашы Фридрих Мерц үчүн 482си добуш беришти.
Партияны 18 жыл башкарган Ангела Меркел бул жолу өз талапкерлигин койгон жок. Буга чейин партиянын баш катчысы кызматын аркалап келген Аннегрет Крамп-Карренбауэрден тышкары төрагалыкка саламаттыкты сактоо министри Йенс Шпан жана партиянын парламенттеги фракциясынын мурдагы жетекчиси Фрдирих Мерц өз талапкерлигин көрсөтүштү.
29-октябрда Меркел 2021-жылы канцлердик мөөнөтү бүткөндөн кийин кайрадан бул кызмат үчүн ат салышпай турганын, өз партиясынын жетекчилигинен жыл соңунда кетерин билдирген. Ал бул чечимин христиан-демократтар аймактык шайлоолордо ийгиликке жетпей калгандан кийин жарыялаган.
64 жаштагы Ангела Меркел 2000-жылы партиянын төрайымы болуп шайланган. Беш жылдан кийин канцлер болуп, андан бери бул кызматты колдон чыгара элек болчу.
Булак: «Азаттык»
Количество просмотров: 19