• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Месси коронавируска каршы күрөшүү үчүн 1 миллион евро которду

25 Жалган куран 202011:50 Бишкек Govori.TV

«Барселона» футболдук клубунун капитаны, дүйнөлүк футбол жылдызы Лионель Месси коронавируска каршы күрөшүү үчүн Барселона шаарындагы Hospital Clinic ооруканасына 1 миллион евро которду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Лионель Мессинин оор кырдаалда колдоо көрсөткөнү үчүн оорукананын өкүлдөрү ыраазычылык билдирген.

Кошумчалай кетсек, коронавирус илдети менен күрөшүү үчүн Германиянын «Бавария» футболдук клубунун бир катар оюнчулары дагы акча которгону белгилүү.

Количество просмотров: 177