• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Мезгил-мезгили менен кар жаайт». Бир аптага карата аба ырайы тууралуу маалымат

2 Жалган куран 202015:38 Бишкек Govori.TV

Кыргызгидромет борбору 3-7-мартта өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Ага ылайык, 3-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

3-мартта күндүз жана 4-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаашы күтүлөт, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 4-мартта күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

5-мартта түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. 5-мартта күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо жана Нарын облусунун айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, тоолуу райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

6-мартта жана 7-мартта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 7-мартта күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жана Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен, Жалал-Абад облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болушу жана кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Количество просмотров: 1879