• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Миң-Куш айылындагы шахтада өрт чыкты

4 Жалган куран 202113:49 Бишкек Govori.TV

Нарын облусунун Жумгал районунда 2-март күнү Миң-Куш айылында ЖЧК “Берекет-Кен” шахтасынан өрт чыккан. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жерине Көк-Жаңгак шаарында жайгашкан КР ӨКМнин №5 өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары тартылган.

«3-март күнү куткаруучулар тарабынан чалгындоо иштери жүргүзүлүүп 2 парустук тосмо орнотушкан. 4-март күнү иш-чаралар улантылып жатат»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 99