• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Мигранттар: Орусияда полиция президенттин жарлыгын аткарган жок

29 Чын куран 2020 14:56 Бишкек Govori.TV

Орусиядагы тажик мигранттары полиция кызматкерлери жана иш берүүчүлөр эмгек патентин төлөөгө мажбурлап жатканын билдиришүүдө. Бул тууралуу «Азаттыктын» тажик кызматы маалымдады.

Владимир Путиндин 18-апрелде COVID-19 илдетинин жайылуу коркунучуна байланыштуу чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жоктордун укуктарын жөнгө салуу тууралуу жарлыкка кол койгон.

Жарлыкка ылайык патент, виза, миграциялык каттоо жана ишке уруксат берчү башка документтердин мөөнөттөрүнө байланышкан милдеттүү узартуулар 15-марттан 15-июнга чейин убактылуу токтотулган. Башкача айтканда, бул арада мөөнөтү аяктаган документтер жокко чыгарылбайт.

Екатеринбург шаарында жашаган мигранттар полиция кызматкерлери бул жарлыкка карабай каттоо мөөнөтүн узартпай же патент үчүн акы төлөбөй жүргөн мигранттарды кармап жатканына нааразы.

Тажикстандын Москвадагы элчилиги билдиргендей, Орусия президентинин жарлыгы өлкөнүн бардык аймактарына тиешелүү жана мигранттар өз укуктарын коргошу керек.

Орусия бийлигинин маалыматына караганда, өлкөдө бир миллиондон ашуун тажикстандык мигрант бар.

Тажик мигранттары 2019-жылы мекенине 2,7 миллиард доллар каражат жөнөтүшкөн. Бул мурдагы жылга салыштырмалуу 6,6% көп болгон. Дүйнөлүк банк пандемияга байланыштуу мигранттардын акча которуулары рекорддук деңгээлде азайышы ыктымал экенин божомолдоодо.

Количество просмотров: 233