• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Курганов: Шайназаров калп айтат

21 Бирдин айы 2018 16:39 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 21.02. 2018. Govori.TV
“Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтык  Шайназаров  мен тууралуу “Бишкек жылуулук түйүндөрү” ишканасынын башкы инженеринин Бишкекте 50 батири бар” деген сөзүндө чындык жок». Бул тууралуу маалымат жыйынында Михаил Курганов өзү айтты.

“Мен 1983-жылдан бери ушул мекемеде жөнөкөй мастерликтен тартып директордун орун басарына чейинки жолу басып өткөмүн. Депутаттар билбесе да мени шаардыктар жакшы билишет. Өмүр бою кесибимди сүйүп иштеп, далай суук күндөрдө тажрыйбама таянып борбордун элин тоңдуруп алуудан сактап калгандардын бири экениме сыймыктанам. Эгер, менде анчалык байлык болсо эчак эле кызматымды тапшырып, ошол үйлөрүмдө эс алып жатмакмын”,-дейт Михаил Курганов.
“Бишкекжылуулук түйүндөрү” ишканасынын коммерциялык директорунун орун басары Нурлан Кайдуев болсо бул сөздөрдү былтыр эле Мирлан Бакиров айтып чыгып, Башпрокуратура текшерип, эч кандай мыйзамсыз мүлк таппаганын кошумчалады.
Эске сала кетсек, кечээ парламентте депутат Тынчтык Шайназаров Михаил Кургановду коррупцияга айыптап, анын 50 батири бар экенин билдирген болчу.
Количество просмотров: 24