• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Шайназаров: Чек ара маселеси жер алмашуу менен гана чечилет

15 Үчтүн айы 202014:04 Бишкек Govori.TV

Чек ара маселеси жер алмашуу менен гана чечилет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтык Шайназаров билдирди.

«Чек ара маселесин чечүүдө мындан ары чыр-чатактарды болтурбагандай кылып, чечкиндүү кадамдарга барышыбыз керек. Ал үчүн чек араны толугу менен тактап, чекит коюшубуз зарыл. Ал эми протокол, меморандум сыяктуу ар кандай документтерге кол коюшубуз мүмкүн. Бирок чыр-чатак чыгып кетсе, аталган документтер менен чечилбейт»,-деди депутат.

Количество просмотров: 87