• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

“Өнүгүү” фракциясына укук тартиби, кылмыштуулукка каршы комитет тийди

23 Чын куран 2018 14:56 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 23.04. 2018. Govori.TV

Жогорку Кеңештеги “Республика-Атажурт” фракциясы көпчүлүк каолицияга кошулганына байланыштуу ЖКнын укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети “Өнүгүү” фракциясынын энчисине тийди. Бул тууралуу ЖКдагы өздүк булактарыбыз билдирди.

“Атамекен” фракциясы менен болгон сүйлөшүүдөн кийин бул комитетке башчылык депутат Тынчтык Шайназаровго ыйгарылууда. Эгер, фракция сунуш берсе, бул тиешелүү комитеттерде каралгандан кийин анын талапкерлиги парламенттин жалпы жыйынына  чыгарылмакчы.

Буга чейин бул комитетти депутат Мирлан Жээнчороев башкарып келген. Бирок, азырынча ал комитет башчылыктан кетүү арызын жаза элеги биздин агенттикке маалым болгон.

Количество просмотров: 31