• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Тынчтык Шайназаров БШКнын төрагасы болду.

10 Бирдин айы 202519:26 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы болуп Тынчтык Шайназаров шайланды. Бул тууралуу БШКнын басма-сөз кызматы GovoriTVга билдирди.

Шайназаровду БШКнын мүчөлөрү ачык добуш берүү менен шайлады.

Бул убакытка чейин ал БШКнын төрайымынын орун басары болуп иштеген.

Тынчтык Шайназаров 1974-жылы 27-февралда, Ош облусунун Кара-Суу районунун, Мады айылында туулган.

1991-жылы Ош шаарындагы № 7 Нариманов атындагы орто мектебин аяктаган.  1991-1996 жж.  Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридикалык факультетинин “укук таануу” адистигин ийгиликтүү аяктаган.

Эмгек жолу:

07.2021-ж. – Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары;

09.2020-07.2021-жж. – Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү;

2015-2020-жж. – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;

08.2009-04.2010-жж. – Жалал-Абад шаарынын прокурору;

08.2007-08.2009-жж. – Ош шаарынын прокурорунун улук жардамчысы, Ош облустук прокурорунун  улук жардамчысы;

02.2001-08.2007-жж. – Ош облустук прокуратуранын тергөөчүсү, кылмыштарды иликтөөнү көзөмөлдөө үчүн бөлүмүнүн начальниги;

1999-2001-жж. Ош облустук прокуратурасынын кылмыштарды изилдөө  үчүн көзөмөл бөлүмүнүн прокурору;

1997-1999-жж. Кызыл-Кыя шаардык прокуратурасынын тергөөчүсү;

1996-1997 жж. Ош облусунун Чон-Алай районунун прокуратура органында мөөнөткер-тергөөчүсү.

Мамлекеттик граждандык кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси (2022-ж.). Юстициянын 1-класстагы кеӊешчиси. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи (2019-жыл).

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйланган.

Количество просмотров: 500