• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Милиция Чаткалда түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

3 Бештин айы 2018 16:25 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 03.11.2018. Govori.TV
ИИМ Чаткалдагы 15 тургундун кармалышы боюнча  маалымат таратты. Милиция ушул тапта абал туруктуу экенин билдирүүдө.
Тургундар менен  атайын багыттагы полктун кызматкерлеринин ортосундагы чатак видеобайкоого жазылып калган.
ИИМ ошол видеону изилдеп, милиция кызматкерлерине карата күч колдонгон бардык 15 жарандын өздүгүн тактаган. Алардын он төртүн кечээ Жалла-Абад ОИИБнин тергөө абагына алып келишкен.
“Азыркы учурда аталган кылмыш иши боюнча кийинки ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат. Чаткал районунда болсо абал туруктуу жана жергиликтүү тургундардын арасында түшүндүрүү иштери жүрүп жатат”, – дешти ИИМден.
Окуя 5-ноябрда болгон. “Шумкарчылар” Чаткал районунун Терек-Сай айылынын “Эти Бакыр Терек-Сай” алтын кен иштетүүчү аймакта кызматын өтөп жатканда жергиликтүү 15 тургун милиция кызматкерлерине карата күч колдонгон, – дешет ИИМден. Күзөтчүлөр ар кандай деңгээлде жарат алган.
“Эти Бакыр Терексай” ишканасынын күзөтчүлөрү малын айдап келүүгө барган жергиликтүү тургунду сабап салган. Келтектелген бала өзүнүн досторун чогултуп барып, кайра экинчи тарапты уруп салышат.
Ушул тапта Терек-Сай айылында милиция кармап кеткен 15 баланы бошотуу талабы менен жергиликтүүлөр митинг өткөрүп жатат. Алар боз үй тигип, талаптары аткарылмайынча тарабай турганын айтышууда.
Депутат Жанар Акаев Чаткалдагы Терек-Сай айылында нааразылык билдирип,  чогулган элге кош көңүл мамиле жасоодо деп өкмөттү сынга алды.

Булак: “Калыс Медиа”
Количество просмотров: 22